Бишкекте алтын таажы үчүн ат салышкан бийкечтердин сүрөттөрү

Sputnik

Кыргызстандын эң сулуу бийкечи кантип тандалды. Сынактын видеосу
Кыздар көрүүчүлөргө талантын тартуулап, дефиле көрсөтүп, кечки салтанат көйнөктөрүн кийип чыгышты. Жеңүүчү Айжан Чаначева Нарын облусунун атынан катышкан. Ал Лондондо өтө турган "Дүйнө сулуусу" сынагына катышууга жолдомо алып, андан сырткары, рубин чөгөрүлүп жасалган алтын таажыга жана 100 миң сомго ээ болду.

Биринчи вице-мисс таластык Саадат Курманбекова, экинчи вице-мисс Ысык-Көлдөн келген Айганыш Кубанычбекова болду. "Мисс спорт" деп Баткендин намысын коргогон 18 жаштагы Алина Осмонова табылды. Ангелина Гаранина "Мисс ОРО" (зергерлик боюнча дүйнөлүк бренддин өкүлү) наамына татыды.

1 / 18
"Мисс Кыргызстан — 2019" улуттук сулуулар конкурсу Sheraton отелинде өттү
2 / 18
Бул сынак расмий статуска ээ, жеңүүчү "Дүйнө сулуусу" конкурсуна катыша алат
3 / 18
Финалда 17 сулуу ат салышты
4 / 18
Алар өлкөнүн облустарынын жана шаарларынын намысын коргоду
5 / 18
Иш-чара шоу-бизнес өкүлдөрүн дагы чогултту
6 / 18
Катышуучулар өнөрүн тартуулашты
7 / 18
Сүрөттөгү Айдана Мамажанова өзүнүн шыгы менен бөтөнчө сүрөттү жаратууда
8 / 18
Сынакта чыгыш бийи дагы тартууланды
9 / 18
Кыздар дефиледе чеберчилигин көрсөтүштү
10 / 18
Финалисттердин бири көйкөлө басып баратат
11 / 18
Кыздар алып баруучунун суроосунан кыя өткөн жок
12 / 18
Сынактын эң улуу катышуучусу 24 жашта болсо, кичүүсү 16 жашта болду
13 / 18
Сүрөттө былтыркы сулуулар конкурсунун катышуучусу Эльмара Буранбаева
14 / 18
Калыстар тобунун мүчөлөрү туурасында финалга чейин маалымат коомчулукка айтылган эмес...
15 / 18
...бул жең ичинен сүйлөшүп алууну болтурбоо, адилеттүүлүктү сактоо максатында жасалат
16 / 18
Жеңүүчү деп 17 жаштагы Айжан Чаначева табылды. Ал сынакка Нарын облусунун атынан катышкан
17 / 18
Эми Айжан Лондондо өтө турган "Дүйнө сулусу — 2019" сынагына катышат
18 / 18
Чүрөк деп тандалган кыз "Дүйнө сулуусу" сынагына катышууга жолдомо алып, андан сырткары, рубин чөгөрүлүп жасалган алтын таажыга жана 100 миң сомго ээ болду.