БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Бишкек шаарында майрамдык иш-чаралардын уюштуруучусу Егор Паньшиндин сөөгү табылды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
13-октябрь күнү саат 9.30да милиция бөлүмүнө Асанбай кичирайонунун бак-дарактуу жеринен эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Ошол замат окуя болгон жерге райондук милициянын ыкчам тергөө тобу барып, эркек кишинин сөөгүн көрүшкөн. Көп өтпөй эле ал 1975-жылы туулган Егор Паньшин экени белгилүү болгон.
Учурда маркум кандай жагдайда каза болгондугу тууралуу маалыматтар такталып жатат.