"Кыргызстан сулуусу — 2019" сынагынын жеңүүчүсү аныкталды. Сүрөт

Калыстар тобунун башка мүчөлөрү туурасында маалымат коомчулукка айтылган эмес. Бул жең ичинен сүйлөшүп алууну болтурбоо, адилеттүүлүктү сактоо максатында жасалган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. "Кыргызстан сулуусу — 2019" сынагынын жеңүүчүсү Айжан Чаначева болду.

Чүрөк деп тандалган кыз "Дүйнө сулуусу" сынагына катышууга жолдомо алып, андан сырткары, рубин чөгөрүлүп жасалган алтын таажыга жана 100 миң сомго ээ болду.

Кыргызстандык бийкеч Ливандагы сулуулук сынагына катышып жатат. Сүрөт
Жалпысынан финалга 17 кыз аттанган. Алар талантын элге тартуулап, дефиле жана кечки салтанат көйнөктөрдү кийип чыгып, чеберчилик менен көрсөтүп таймашты.

Быйыл калыстар тобу жети кишиден турду. Алардын ичинде Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маалымат, коммуникация департаментинин өкүлү да болду. Калыстар тобунун башка мүчөлөрү туурасында маалымат коомчулукка айтылган эмес. Бул жең ичинен сүйлөшүп алууну болтурбоо, адилеттүүлүктү сактоо максатында жасалган.