Көмүлгөн киши жети сааттан кийин үйүнө келген. Индонезиядагы окуя

Сөөктү туугандарына өткөрүп беришип, алар таанып-тааныбай, бирок ыйлап-сыктап жерге жашырган. Анткен менен арадан жети саат өтүп-өтпөй Сунарто үйүнө кирип келген.
Sputnik

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Индонезиядагы Гесикан (Чыгыш Ява провинциясы) айылынын жашоочусу өзүнүн тажыясынан кийин үйүнө кайтып келгендигин РИА Новости жазды.

Шайтандап кетти... Индияда ата-энеси ымыркайын тирүүлөй көөмп салган
Окуянын баары жол кырсыктан башталган. Жабыркаган кишинин денеси абдан жанчылып калгандыктан, аны тааный албай коюшкан. Жанында документи да болгон эмес. Полиция маркумдун 40 жаштагы курулушчу Сунарто экенин айткан.

Сөөктү туугандарына өткөрүп беришип, алар таанып-тааныбай, бирок ыйлап-сыктап жерге жашырган. Анткен менен арадан жети саат өтүп-өтпөй Сунарто үйүнө кирип келген. Окуянын чоо-жайын сурай келгенде, ал таанышы Вариим аттуу адамдан карыз акча алып, мотоциклин күрөө катары ага таштап кеткен. Тирүү келген Сунарто кырсыктаган адам Вариим болушу мүмкүн деген божомолун айткан.

Маркумдун туугандарына болгон окуя кабарланып, алар сөөктү көмүлгөн жерден казып албай эле орнотулган жазууну алмаштырып коюуну чечишкен.