Кызматкерлерге кыйкыруу — эскинин иши. Sputnik Кыргызстандын жетекчиси менен маек

Быйыл, 2019-жылы, өлкөнүн медиа рыногунда Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун пайда болгонуна беш жыл толот. Күчтүү медиа команданын бири кантип түптөлгөнү туурасында Sputnik Кыргызстандын жетекчиси Елена Череменина баяндап берди.
Sputnik

Череменина Елена Геннадиевна — Кыргызстанда төрөлүп-өскөн, нагыз бишкектик, үч университетти аяктаган. Медиа чөйрөдө 2002-жылдан тарта иштей баштаган. Анда Кыргыз-Россия Славян университетинин басма сөз кызматын жетектеген. 2008-жылы БУУнун Өнүктүрүү программасынын бир нече долбоорунда медиаменеджерликти аркалап, мамлекеттик органдар менен коомдун ортосундагы байланышты жакшыртуу, мамлекеттик органдардын маалымат сайттарын түзүү жана парламенттик радионун өнүктүрүү иштерине салым кошкон.

Эл аралык уюмдагы ишин окутуучулук жана активдүү коомдук ишмердүүлүк менен айкалыштырган: жалпыга маалымдоо каражаттарына карата арыздарды кароо комиссиясынын биринчи курамында мүчө болгон, Журналисттик этика кодексин иштеп чыгуу жана жайылтууга катышкан.

2014-жылы Елена Череменинага дүйнөнүн 32 өлкөсүндө иш алпарган ири эл аралык долбоордун бир бөлүгү болчу Sputnik маалымат агенттигин жана радиосун Кыргызстанда түптөп, ишке киргизүүнү сунушташат. Беш жыл аралыгында аталган агенттик ынанымдуу жана эң көп окулган маалымат каражаттарынын бирине айланды, күнүнө 160 миң, айына 2,5 миллион окурман баш багат, ал эми социалдык медиада 600 миңден ашуун катталуучусу бар.

Кызматкерлерге кыйкыруу — эскинин иши. Sputnik Кыргызстандын жетекчиси менен маек

— Sputnik Кыргызстан беш жыл ичинде эле окумдуу, таасирдүү, ошондой эле эл оозуна алынган маалымат каражаттарынын алдыңкы сабына чыкты. Буга кантип жетиштиңиздер?

— Башта, албетте, кыйын эле болду. Биздин долбоор ишке кирерде, тагыраагы, 2014-жылы, Кыргызстандын медиа рыногу эбак толукталып калган, дээрлик жапырт баракталган бир нече белгилүү жергиликтүү маалымат агенттиги бар болчу. Окурмандардын көңүлүнөн түнөк таба ала тургандай команданы топтоого тийиш элем.

Сөздүн түз маанисинде бөлөк агенттиктердеги журналисттерди кызыктырып чакырууга, жамаатты кичинеден топтоого туура келди. Компаниянын ийгилиги каржыга караганда адамдык ресурстан көп көз каранды экенин ар бир менеджер тастыктайт. Жөн эле адистерди эмес, демилгеге бай ийгиликтүү, тобокелге барууга, жаңы бир башаттын бөлүгү болууга даяр инсандарды табуу маанилүү эле.

Кызматкерлерге кыйкыруу — эскинин иши. Sputnik Кыргызстандын жетекчиси менен маек

Долбоордун болочогуна ынанбай сунушубузду четке каккандар да болбой койгон жок. Менимче, бул өмүрүмдөгү эң татаал милдеттердин бири болду окшойт. Ар бир жаңы кошулган окурманга жетине албай кубанчубуз, майда болсо да алгачкы жеңиштерибизди белгилеп, жеке салт жана майрамдарыбызды ойлоп тапканбыз. Эки жыл өтпөй биз өлкөдөгү көп окулган ресурстардын бири, кийин эң окумдуу маалымат каражаты болуп чыга келдик.

Кызматкерлерге кыйкыруу — эскинин иши. Sputnik Кыргызстандын жетекчиси менен маек

Ийгилик — бул каттамадай: адистер, акча, сезим, технология, анан, албетте, демилге! Ага жетишүүгө тайманбастыгыбыз жардамга келди көрүнөт. Бизди эч ким билбегенин, маек кургусу, маалымат бергиси же кызматташкысы келбегенин да капарга албадык. Биз иштеп гана тим болбой, ар бир окурманды, өнөктөштү, маектешти, катталуучуну, ал тургай, атаандашты да сыймыктандырып, таң калтырып, багындырып, көңүлүн ээлөөнү уланта бердик. Анткени биздин ийгилик — бул биринчи кезекте демилге, тайманбастык, биримдик жана сапаттуу журналистика.

Кызматкерлерге кыйкыруу — эскинин иши. Sputnik Кыргызстандын жетекчиси менен маек

— Агенттикте канча киши иштейт?

— Адегенде 12 киши болчубуз, ушул тапта мурункуга караганда жамаатыбыз кыйла чоңойду. Улам жаңы бир максатты жүзөгө ашырдык, эки тилдүү сайттын аркасынан радио ишке кирди, андан соң маалымат борборун ачтык, социалдык медиада өз баракчаларыбызды өнүктүрдүк. Беш жыл ичинде командабыз кеңейди, бир үй-бүлөгө айландык. Бир тобу үйлөндү, турмушка чыгышты, перзент көрүштү. Кызматкерлерибиздин курагы негизинен 20дан 40 жашка чейин. Жамааттын ичинде бири-биринин жолун жолдоо менен катар ишти алмаша аткара билүү адаты жаралып калганы мени кубандырат. Команда арасына жаңы кошулган жаш адистер жана үйрөнчүктөргө чын дилден көмөктөшүп, тажрыйбасынан бөлүшөт.

— Компаниянын ийгилиги — бул негизги ролду жамаат аткарчу бир катар аспектилердин жыйындысы. Бирок команданы жетектөө андан да маанилүү. Өз алдыңызга кандай максат, милдеттерди коесуз?

— Жетекчи жөн гана жамаат эмес, тирүү организм сымал абдан сезимтал жана сезимдери курч чыгармачыл команданын башында турса, дайым тобокелдик, чакырыктарга тушугат. Ооба, биз ийгиликтерди багынттык, бизди сыйлашат, биздин шилтемелерди алышат, биз менен эсептешишет, бизге кулак салышат. Макалаларыбыз жана долбоорлорубуз адамдардын тагдырына таасир этет. Ошондуктан менин да, жамааттын да жоопкерчилиги чоң.

Кызматкерлерге кыйкыруу — эскинин иши. Sputnik Кыргызстандын жетекчиси менен маек

Муну ар бир кызматкердин сезе билиши, кандай шарт болбосун өзүн татыктуу алып жүрүшү мен үчүн өтө маанилүү. Себеби ар бири — биздин агенттиктин жүзү. Бирөөнүн эле катасы жалпы жамаатка залакасын тийгизиши мүмкүн. Жетишкендиктерибизди арбытуу, ички тең салмактуулукту сактоо жана алдыга арыш таштоо үчүн жетекчи катары ички жана тышкы маселелерди жөнгө салуунун мааниси жогору. Анүчүн, албетте, дайым жакшы күүдө болуп, жаңы ийгиликтерди жарата турган долбоор жана кызматкерлер боюнча туура чечимдерди кабыл алууга тийишмин.

Кызматкерлерге кыйкыруу — эскинин иши. Sputnik Кыргызстандын жетекчиси менен маек

— Жамаатта кандай кызыктуу салттарды жарата алдыңыздар?

— Оголе көп. Ар бир кызматкердин туулган күнү белгиленет, балалуу болгондорду куттуктайбыз. Башта көнүмүш адат менен – торт алып келип, жылуу тилектерди айтып койчубуз. Азыр чыгармачылык менен куттук айтабыз, кызматкерге тамашалуу мүнөздөмө менен чыгарылган фотокалендарь белек кылабыз. Туулган күн ээси да, жамаат да боору эзилгенче күлүп бир жыргап алат. Каалоо-тилек кыдырата айтылган соң "Туулган күнүң менен!" деген ырды сөзсүз жалпы аткарып беребиз. Дагы бир жакшы адатыбыз бар: күндө көнүгүү жасайбыз. Эбегейсиз көлөмдөгү маалымат менен иштейбиз, компьютерде көп иштөөгө туура келет, ошондуктан спортту жактырган биздин шеф-редакторубуз Эркин Алымбеков шаңдуу музыканын коштоосунда 10 мүнөттүк көнүгүүнү күндө уюштурат. Мындай адатка ушунчалык көнүп калдык, кеңсебизге маек курууга келген сыйлуу конокторубуздан да тартынбайбыз. Дагы башка салттарыбыз бар, эми алар купуя калсын.

Кызматкерлерге кыйкыруу — эскинин иши. Sputnik Кыргызстандын жетекчиси менен маек

— Кыргызстандын медиа рыногун кандай сүрөттөөр элеңиз? Sputnik Кыргызстандын пайда болушу ага кандай таасир этти? Сиз жетектеген маалымат каражаты бөлөк порталдардан эмнеси менен айырмаланат?

— Медиа рыногубуз ар түрдүү. Өлкөдөгү саясий турмуш окуяларга бай, абдан активдүү. Окурмандардын өздөрү да абдан саясатташкан, ошондуктан башкы жана көп окулганы — дал саясий жаңылыктар, саясат жана саясатчыларга карата ар кыл көз караштар, серепчилердин пикирлери. Интернет басылмалар тынымсыз өнүгүп турат, технологиялык саамалыктарды дароо илип алып, ишке ашырат, демек, бизде атаандаштык абдан олуттуу. Өлкөдө ЖМКнын адатка айланган түрлөрү кеңири тараган: телевидение, радио, газеталардан эл тана элек.

Кызматкерлерге кыйкыруу — эскинин иши. Sputnik Кыргызстандын жетекчиси менен маек

2014-жылы Sputnik түзүлүп жатканда сайттын дизайны окурмандардын көзү көнүп калган жергиликтүү агенттиктердин сайттарынан айырмалана көнүмүш жаңылыктар түрмөгү жок, ал эми башкы бетте чоң-чоң сүрөттөр, видеоконтент жайгашкан. 2016-жылы көптөгөн жергиликтүү маалымат каражаттары да өз сайттарынын жасалгасын, түзүлүшүн көркөм элестүү кылууга далалат кылышканын баамдадык. Окурмандар биздин инфографика, лонгрид жана атайын долбоорлорубузга аябай кызыгышат.

Кызматкерлерге кыйкыруу — эскинин иши. Sputnik Кыргызстандын жетекчиси менен маек

Татаал, көлөмдүү маалыматты жарыялоодо мультимедиалык форматты кызуу пайдаланууда алгачкы карлыгач биз болдук. Кыргыз, орус жана англис тилдеринде чыккан "Кыргызстанга саякат: туристтик жол көрсөткүч" аттуу лонгрид, Төлөгөн Касымбековдун тарыхый романы боюнча кыргыз тилиндеги 27 сааттык "Сынган кылыч" аудио китеби буга далил. Билим берүү коомчулугу тарабынан жогорку баага татыган бул эмгектин өлкөдө окшошу жарала элек. Ошондой эле "Кийиз дүйнө" фонду менен биргеликте уюштурган "Улуттук баш кийимдер" фотодолбоорун да белгилегим келет. Окурмандарыбызды окуялардан кабардар гана кылбастан, өнүгүү, жаңы нерселерди үйрөнүү, эң башкысы, элибиздин салт-санаасы, маданияты жана өзгөчөлүгүн унутта калтырбоого мүмкүнчүлүк беребиз.

Кызматкерлерге кыйкыруу — эскинин иши. Sputnik Кыргызстандын жетекчиси менен маек

— Заманбап медиаменеджер кандай жеке сапаттарга ээ болушу шарт?

— Менимче, адамдын психологиясын, анын мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүү, адамдарды башкара жана шыктандыра билүү — менеджерлердин негизги сапат, шык-жөндөмү. Булардын мааниси мындан ары да арта бермекчи. Кызматкерлерди урушуу, аларга кыйкыруу — эскинин иши. Айрыкча, ийгилик кызматкерлердин аң-сезими жана психологиялык абалына жараша болгон медиа чөйрөдө башкаруунун жаңы инструменттери зарыл. Ошондуктан адамдар менен жана адамдар үчүн иштеген медиаменеджер жогорку эмоционалдык интеллектке ээ жана креативдүү ой жүгүртө билүүгө тийиш.