БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. 27-28-ноябрь күндөрү Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында кыргыз күрөшү боюнча биринчи Азия чемпионаты өтө турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.
"Азия чемпионатына 12 өлкөнүн спортчуларынын катышуусу күтүлүүдө. Учурда чакыруулар жөнөтүлдү. Жети салмак түрү боюнча медалдын 28 топтому ойнотулат", — деп айтылат маалыматта.
Азия чемпионаты Эл аралык кыргыз күрөшү федерациясы бекиткен эрежелер боюнча өтөрү кошумчаланды.
Маалыматта чоңдор арасындагы кыргыз күрөшү боюнча Азия чемпионаты Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлөрү белгиленет. Чемпионатты уюштуруу үчүн спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын бюджетинен 1 миллион 481 миң сом каралган.
Маалымат үчүн:
Жомоктор, үлгү-насыят аңгемелер жана тарыхый документалдуу булактар көрүнүктүү баатырлар тууралуу көптөгөн маалыматтарды камтыйт. Ал эми күрөш болсо салттуу маданияттын маанилүү бөлүгү болуп, азыркыга чейин өзүнүн барктуулугун жоготпой келүүдө.
Спортчулар ак түстөгү кең шымды кийишет, ал эми үстү жылаңач болот. Алар атайын килемде бири-бирине бет маңдай турушат дагы атаандашынын курун эки колу менен бекем кармашат. Кармашууда курду бир кол менен кармоо үчүн бир аз убакыт берилет. Кармашуу учурунда ким биринчи болуп атаандашын далысы менен кулатса, жеңүүчү болуп саналат.