Жээнбеков Түркмөнстанга учуп кетти. Коштоочулардын тизмеси

Президенттин КМШ өлкө башчыларынын катышуусунда өтө турган саммиттин алкагында бир нече сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Ашхабад шаарына (Түркмөнстан) учуп кетти. Ал жакта КМШ өлкө башчыларынын кеңешинин жыйыны өтө турганын мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы билдирди.

Кезектеги жыйында шериктештиктин алкагындагы актуалдуу маселелер талкууланат. Анын ичинде стратегиялык экономикалык кызматташуу тууралуу декларациянын долбоору боюнча кеп болот.

Мындан тышкары, бир катар жолугушуулар пландалганы айтылды.

Кыргызстандын делегациясынын курамы:

  • тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков;
  • президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков;
  • Кыргызстандын Белоруссиядагы элчиси, КМШнын уставдык органдарындагы туруктуу өкүлү Эрмек Ибраимов.
Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.