Жээнбеков алты өлкөгө элчи дайындады

Мамлекет башчы Канада, Армения, Бахрейн, Иордания, Чехия жана Словакияга элчи дайындоо боюнча жарлыкка кол койду.
Sputnik

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков алты өлкөгө элчилерди дайындады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Дайындоо боюнча жарлыкка кол коюлду. Ага ылайык, төмөнкү өлкөлөргө элчилер дайындалды:

АКШдагы элчи Болот Отунбаев Вашингтон шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Канададагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды;

Жээнбеков менен Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы маселени талкуулады
Россиядагы элчи Аликбек Жекшенкулов Москва шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Армениядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды;

Кувейттеги элчи Самаргүл Адамкулова Эль-Кувейт шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Бахрейн Падышалыгындагы жана Иордания Хашимит Падышалыгындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды;

Кыргызстандын Австрия, Венгрия жана Словениядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргызстандын ЕККУдагы, Вена шаарындагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Бакыт Жусупов Вена шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Словакиядагы жана Чехиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.