БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасында өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль алган Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовду "Манас" аба майданынан тосуп алышты.
Эл өкүлү бүгүн, 11-октябрда, эртең менен учуп келген. Икрамовду тосуу үчүн аэропортко анын жакын туугандары, дос-тааныштары барган. Бул видеону Facebook тармагына Нурсултан Замирбеков аттуу колдонуучу жарыялаган.
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Грузиянын борбору Тбилиси шаарында өткөн ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатына катышкан. Ал 70 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашкан.
Депутат биринчи айлампада венгриялык Золтан Шоллени, андан кийин финляндиялык Раймо Лехтону утуп алган. Жарым финалда ирандык спортчу Азад Алимозаммадпурудан жеңилсе, үчүнчү орун үчүн болгон беттеште депутат түркиялык Орхан Тикачтан күчтүү экенин далилдеди.