БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кыргызстан — Мьянма командалары беттешип жаткан учурда күйөрмандын оюн талаасына чуркап чыгышынан улам Футбол федерациясы ири өлчөмдөгү айып тартышы мүмкүн. Бул тууралуу уюмдун маалымат катчысы Наталья Угрюмова билдирди.
Анын айтымында, 2015-жылы Кыргызстан менен Австралиянын беттешин эске алсак, кечээки окуя үчүн да Эл аралык комиссия федерацияга айып чегерет. Бейшемби күнү өткөн оюнда бир күйөрман батыш тараптагы трибунадан чуркап чыгып, оюнчулар менен учурашууга да үлгүргөн. Эскерте кетсек, беттеш 7:0 эсебинде кыргызстандыктардын жеңиши менен аяктады.
"Австралия менен өткөн оюндагы күйөрмандардын тартип бузуулары, бир кишинин талаага чуркап чыгышы менен чогуу 28 миң доллар төлөмөр болгонбуз. Кечээки окуя боюнча айыптын көлөмү деле бир топ болот. Оюндун комиссары баарын каттап алды", — деди Угрюмова.
Белгилей кетсек, 2015-жылы жергиликтүү команда австралиялыктар менен беттешип, федерация 28 миң доллар айып төлөмөр болгон. Мында федерация элдин трибунага батпай калышы, фан-сектордо жагылган файер жана оюн талаасына чуркап чыккан күйөрман үчүн жазаланган. Стадионго кире албагандар тегерегиндеги бактарга чыгып алып оюн көргөнү да бир топко чейин кызуу талкууга алынган.