Ашхабадда Жээнбеков менен Бердымухамедов жолугушту

Мамлекет башчы бүгүн КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Түркмөнстанга учуп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

Анда Кыргызстан жана Түркмөнстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана артыкчылыктуу багыттары талкууланганы айтылат.

"Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташууну активдештирүү боюнча жакынкы мезгил аралыгына биргелешкен пландарды белгилеп, буга даярдыгын билдиришти", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдиришкен.