Путин: "Ислам мамлекети" КМШнын түштүгүндө таяныч жайларын ачууга аракеттенүүдө

Буга чейинки маалыматтарда Афганистанда "Ислам мамлекети" уюмуна мүчө болгондордун саны жогорку чегине жетип калганы айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин согушкерлер Сирияда жеңилгенден соң Балканда, Түштүк Чыгыш Азияда жана КМШнын чек араларында таяныч жайларын ачууга аракет кылып жатканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

"Сирияда жеңилгенден кийин көп согушкерлер башка аймактарга барып, жайланышып жатат. Алар Балканда, Түштүк Чыгыш Азияда таяныч жайларын ачууга аракет кылууда. Тилекке каршы, биздин КМШнын түштүк тарабына да жайгашуу ниеттери бар", — деген Путин КМШнын мамлекет башчыларынын Ашхабаддагы отурумунда.

Бул жыйынга Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышууда.

Буга чейинки маалыматтарда Афганистанда "Ислам мамлекети" уюмуна мүчө болгондордун саны жогорку чегине жетип калганы айтылган.