Радио

Маматов: денедеги ашыкча майды сордуруудан организм шок алат

Борборубуздагы жеке клиникалардын биринин пластикалык хирургу Улукбек Маматов пластикалык операция жасатардан мурун толук медициналык көзөмөлдөн өтүү керектигин айтты.
Sputnik
Маматов: денедеги ашыкча майды сордуруудан организм шок алат

Денедеги майларды сордуруп алуу операциясынын баасы 3000 долларга чейин барат. Бул тууралуу Улукбек Маматов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ашыкча майды алдыргандан кийин организмдин калыбына келүү процесси үч айга созулат.

"Липосакция татаал операциялардын катарына кирет. Денедеги ашыкча май атайын аппараттын жардамы менен сордуруп алынат. Жалпы наркоздун негизинде жасалат. Май көп алынгандыктан организм шок алат. Операциядан кийин бейтап бир жума дарыгердин көзөмөлүндө болуп ооруканада жатышы керек. Гемоглобин аябай түшөт. Бейтапка тамчылатып дары тамызып, витаминдердин түрлөрү берилет. Тамактанууга да жакшы көңүл бөлүнүшү зарыл. Үйгө чыгарылгандан кийин дарыгерге келип текшерилип турушу керек болот", — деди Маматов.

Хирург пластикалык операцияны онкологиялык оорулардан жана кургак учук, кант диабети, кан илдети менен жабыркагандарга жасатууга болбой тургандыгын кошумчалады.