Мелис Турганбаев күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду

Ал 11-октябрда 55-59 жаштагы салмагы 78 килограммга чейинки спортчулар арасында мелдешке чыккан. Жыйынтыгында Иран, Украина, Казакстан жана АКШдан келген төрт атаандашын тең жеңип чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 11-окт. - Sputnik. Мурдагы ички иштер министри, азыркы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Мелис Турганбаев Тбилиси (Грузия) шаарында өтүп жаткан ардагерлер арасындагы эркин күрөш боюнча чемпионатта алтын медалга татыды. Бул тууралуу иш-чаранын расмий сайтында жарыяланды.

Ал 11-октябрь күнү 55-59 жаштагы салмагы 78 килограммга чейинки спортчулар арасында мелдешке чыккан. Жыйынтыгында Иран, Украина, Казакстан жана АКШдан келген төрт атаандашын тең жеңип, дүйнө чемпиону аталды.

Чепкен жаап, гүл берип... Тазабек Икрамовду аэропорттон тосуп алгандагы видео
Финалда спортчу АКШлык Жордж Брэдли менен ат салышып, 4:0 эсебинде жеңип чыкты.

Мелдеште дагы бир кыргызстандык күмүш байгеге ээ болду. 78 килограммга чейинки 40-45 жаштагылар арасында Билимбек Капарбек уулу ирандык атаандашы Давуд Халипурга утулуп, экинчи орунду алып калды.

Эске салсак, 2018-жылы ал эркин күрөш боюнча Македониянын борбор калаасы Скопьеде өткөн дүйнө чемпионатында коло медалга татыган.

Ушул эле мелдешке катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов 70 килограммга чейинкилер арасында коло медалга ээ болуп, бүгүн эртең менен Бишкек шаарына кайтып келген.