Кыргызстандын футболчулары Мьянманы баш көтөртпөй жеңгенде... Мелдештин ирмемдери

Sputnik

Мындай чоң жеңиш акыркы ирет 1997-жылы болгон. Анда улуттук курама команда Мальдивдин спортчуларын 6:0 эсеби менен жеңген эле.

Мьянмага каршы беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Бул 2020-жылы өтө турчу дүйнө чемпионатынын тандоо турундагы өлкөнүн биринчи жеңиши болду.

60ка чукулдап калган кыргызстандык балбан дүйнө чемпионатынан күмүш байге алды
Оюндун жүрүшүндө Эдгар Бернхардт үч гол, Алимардан Шүкүров эки гол, Гүлжигит Алыкулов бир гол жана Валерий Кичин бир гол киргизип, жеңишти камсыздады.

Белгилей кетсек, бул оюн 2022-жылкы дүйнө чемпионаты жана 2023-жылкы Азия кубогунун тандоо турунун алкагында өткөрүлүп жатат.

Кыргызстандын курама командасы F тайпасына туш келип, Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия менен ойной турган болгон.

Биринчи оюнда кыргызстандыктар 0:1 эсеби менен тажикстандыктарга жеңилип калган.

1 / 15
Оюн алдында дене башты сөзсүз жибитип алуу керек
2 / 15
Мелдеште өзгөчөлөнгөн спортчулардын бири дарбазачы Павел Матяш болду. Ал кооптуу делген топтун бардыгын артка кайтарып жатты.
3 / 15
Мелдешке чейин коргоочу Даниэль Тэго менен жарым коргоочу Павел Сидоренко улуттук курама командада карьерасын жыйынтыктаганы белгилүү болду. Силерге таазим!
4 / 15
Сүрөттө жарым коргоочу Темирлан Козубаев. Анын аракети менен дагы атаандаш тарап гол киргизе алган жок.
5 / 15
Курама команданын коргоочусу Валерий Кичин топ үчүн алышып жатат. Команданын капитаны милдеттерин гана так аткарбастан, укмуштуудай гол дагы киргизди.
6 / 15
Мелдеш 7:0 упай эсебинде аяктады. Бул кыргыз футболу үчүн тарыхый жеңиш болду.
7 / 15
Команда бардык жагынан атаандаш командадан күчтүү экендиги байкалып турду.
8 / 15
Күйөрмандардын креативдүү баннери
9 / 15
Буга чейин ири жеңиш 1997-жылы болгон. Анда улуттук курама команда Мальдивдин командасын 6:0 эсеби менен уткан.
10 / 15
Мьянма дүйнө чемпионатынын тандоо турунда бир дагы мелдешти ута элек.
11 / 15
Оюндун жүрүшүндө Эдгар Бернхардт үч гол, Алимардан Шүкүров эки гол, Гүлжигит Алыкулов бир гол жана Валерий Кичин бир гол киргизди.
12 / 15
Стадиондо бир голдун ээси, жаш футболчу Гүлжигит Алыкулов
13 / 15
Оюнда эреже бузганы үчүн Мьянманын спортчусуна рефери эки ирет кызыл карта көрсөттү
14 / 15
Күйөрмандар адаттагыдай "Ак шумкар" командасынан колдоосун аяган жок
15 / 15
Футболчулар дагы өз кезегинде күйөрмандарга ыраазычылык билдиришти