Элчилер президенттин жана ЖКнын аппараты менен футбол ойноду. Сүрөт

Дипломаттар менен Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүнүн кайрымдуулук турнири ТИМдин 75 жылдыгына карата өткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кыргызстандагы элчилер жергиликтүү дипломаттар менен кичи футбол боюнча күч сынашты. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган турнир кайрымдуулук иретинде ТИМдин негизделгенинин 75 жылдыгына карата өткөн.

Кыргызстандагы дипломатиялык корпус жетекчилери жана кызматкерлери Кыргызстандын президентинин жана Жогорку Кеңештин аппаратынын эл аралык бөлүмүндө иштегендер менен оюн талаасына чыккан. Ошондой эле кыз-келиндер да эки команда түзүп катышышкан.

Мындан сырткары, дипломаттардын балдары үчүн да оюн-зоок уюштурулган.

Аталган иш-чарадан түшкөн каражат Бишкектеги №22 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын мектебине которулмакчы.