Радио

Баатырбеков: 9 пайыздык чек көп саясий күчтөрдү бириктирет

"Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков партиянын 2020-жылы алдыңкылардан болуу мүмкүнчүлүгү чоң экендигин айтты.
Sputnik
Баатырбеков: 9 пайыздык чек көп саясий күчтөрдү бириктирет

Алдыдагы шайлоого коюлган тогуз пайыздык чек көп саясий күчтөрдү бириктирет. Мындай пикирин Алмазбек Баатырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган партия 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого катышат.

"Тогуз пайыздык чектен коркпойбуз. Анткени 2015-жылы болгон шайлоодо жети пайыздык чек коюлган. Андан тогуз пайыз добуш алып өткөн үч партиянын бири "Кыргызстан" эле. КСДП жана "Республика — Ата Журт" партияларынын учурдагы абалын эске алуу менен айта турган болсок, 2020-жылы биздин партиянын алдыңкы катарда шайлоого баруу мүмкүнчүлүгү бар. Бул ирет коюлган чектен өтүү максатында көптөгөн саясий күчтөр биригет. Бул өз учурунда саясатта күчтүүлөрдүн калышына өбөлгө түзөт. Андыктан бул мыйзам туура эле киргизилген деп эсептейм", — деди Баатырбеков.

Депутат жаңы түзүлүп жаткан партиялар талапкерлерди туура тандоо менен ийгиликке жетише аларын кошумчалады.