Радио

Кубанов: тил борборубуздун Кыргызстанда 16 филиалы бар

Республикалык жаштар конгрессинин жетекчиси жана тил борборунун негиздөөчүсү Нурсултан Кубанов кичинесинен эле бизнеске жана тил үйрөнүүгө шыктуу болгонун айтты.
Sputnik
Кубанов: тил борборубуздун Кыргызстанда 16 филиалы бар

Чет өлкөлүктөр жакшы жактан таанысын деген максатта биздин тил борборлорунун филиалын Казакстан, Өзбекстан жана Москва шаарында да ачканбыз. Бул тууралуу Нурсултан Кубанов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Стимул" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда тил борборунун Кыргызстанда 16 филиалы бар.

"9-классты аяктап жатып үйдөгүлөр менден көп нерсени үмүт кылышарын көрүп, менин эмнеге жөндөмүм бар деп анализ жүргүздүм. Ошондо бизнеске жана тил үйрөнүүгө шыгым бар экенин байкадым. Чынында тил үйрөнүү мен үчүн жеңил. Кийин Кытайга барып беш жыл окуп келдим. 2015-жылы эл аралык компанияда иштеп жүргөн кезде Москвага барып калдым. Кыргызстандык мигранттар абдан көп экенин көрүп, өлкөбүздө жаштардын тил үйрөнүп, чет жактан билим алууга мүмкүнчүлүк түзүү керектигин ойлодум. Анан досум экөөбүз тил борборун ачууга белсендик. Учурда билимдүү жаштардан түзүлгөн күчтүү командабыз бар. Биз санариптештирилген системада иштейбиз. Ким кандай жумуш аткарганын компьютерден көзөмөлдөп турабыз. Биздин өкмөт ушундай системага өтүшү керек деп эсептейм", — деди Кубанов.

Ал ошондой эле тил борбору өзгөчө Германия, Корея, Япония жана Кытай мамлекеттери менен иш алып барып жатканын кошумчалады.