Бири түкүрүп, экинчиси жаакка чаап... Учкуч менен стюардессанын учактагы окуясы

Эркек кишинин аялга жакындап келип түкүрүп жибергендигин көрүүгө болот. Стюардесса аны алка жакадан алып, жаактан ары бир нече тартып жиберген.
Sputnik

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Republican Airways аба жолдорунун учкучу менен стюардессасынын бири-бирине кол көтөргөнү видеого түшүп калган. Бул тууралуу ABC News жазды.

Окуя быйылкы жылдын 14-сентябрында болуп, элге жакында эле тарап кеткен.

Учак американын Денвер шаарында рейстин алдында, салондо жүргүнчү жок учурда болгондугу маалымдалды.

Учактын негизги адамдары деп эсептелген булардын жагымсыз окуясы YouTube каналына да жайгаштырылган.

Видеодон эркек кишинин аялга жакындап келип түкүрүп жибергендигин көрүүгө болот. Стюардесса аны алка жакадан алып, жаактан ары бир нече ирет тартып жиберген. Мындай күтүүсүз "кадамдан" кийин пилот аялды кабырга тарапка муштап жаткандыгына күбө болобуз.

Кытайда стюардесса жигити учактан колун сурагандыгы үчүн иштен алынды
Кийинчерээк алар 36 жаштагы учкуч Уильям Томас менен 29 жаштагы стюардесса Мариша Спорер экени анык болгон. Алардын 2018-жылдын ноябрь айынан бери жакын байланышы бар экени ачыкталган. Томас менен Спорер коомдук тартипти бузганы үчүн камакка алынган.

Republican Airways компаниясынын өкүлү эки кызматкер тең бул окуядан кийин жумуштан бошогонун айтты. Маалыматта окуянын чоо-жайын полиция кызматкерлери иликтеп жатканы жазылган.