60ка чукулдап калган кыргызстандык балбан дүйнө чемпионатынан күмүш байге алды

Ардагер балбандар арасындагы дүйнө чемпионаты ушул тапта Тбилиси (Грузия) шаарында өтүп жатат. Кыргызстандык спортчу 70 килограмм салмактагылар арасында күчүн сынады.
Sputnik

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Бердикул Караев күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатынан күмүш байгеге ээ болду. Бул тууралуу Бириккен күрөш уюмунун сайтында жазылган.

Депутат өкмөттөн Тыныбекованын машыктыруучусуна да батир берүүнү өтүндү
Ардагер балбандар арасындагы дүйнө чемпионаты ушул тапта Тбилиси (Грузия) шаарында өтүп жатат. Караев 55-59 жаштагы спортчулардын арасындагы кармашта 70 килограмм салмакта күч сынашкан.

Мелдештин алкагында ал венгриялык жана ирандык балбандарды уткан. Бирок финалдык кармашта Германиядан келген спортчуга жеңилип калган.

Ушул эле чемпионатта Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов коло байгеге ээ болгон. Ал 70 килограмм салмактагылар арасында кармашкан.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.