Бишкектеги мелдешке Мьянмадан күйөрмандар келеби? Футбол федерациясынын жообу

Регламент боюнча мьянмалык күйөрмандар үчүн ал өлкөнүн Футбол федерациясына билеттер берилген. Бирок алар билет сурап кайрылгандар болбогонун билдиришти.
Sputnik

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бишкек шаарында боло турган Кыргызстан менен Мьянманын мелдешине атаандаш команданын күйөрмандары келбейт. Бул тууралуу КРдин Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

2022-жылкы дүйнө чемпионаты жана 2023-жылкы Азия кубогунун тандоо турунун алкагындагы оюн бүгүн саат 20.30да Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот. Кыргызстандын курама командасы мьянмалык атаандаштары менен беттешет.

Кыргызстандын футболчулары мьянмалыктарды ута алабы? Букмекерлердин божомолу
Федерациядан билдиришкендей, регламент боюнча атаандаштардын күйөрмандары үчүн кесиптештерге билеттер берилген. Бирок алар билет сурап кайрылгандар болбогонун билдиришти.

Кыргызстандын курама командасы F тайпасына туш келип, Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия менен ойной турган болгон.

Биринчи оюнда кыргызстандыктар 0:1 эсеби менен тажикстандыктарга жеңилип калганы маалым.