Кыргызстанда кен тармагына берилген лицензиялар. Тармактар боюнча тизме

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев кайсы тармакка лицензиялар берилгенин тизмектеп берди.
Sputnik

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Кыргызстанда эгемендик алгандан тарта азыркы кезге чейин кен тармагына 2415 лицензия (2019-жылдын август айына алынган маалымат боюнча) берилген. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев айтты.

Бүгүн депутаттар "Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө" мыйзамдын долбоорун карады. Ал экинчи окууга киргизилет.

Кыргызстанда урандын сырьесун алып келип иштетүүгө да тыюу салынат
2415 уруксат кагазынын ичинен 471и алтын казууга, изилдөөгө, чалгындоого, ал эми 102си металлдарга (ичинде уран да бар) берилгени маалым болду. Анын 22 лицензиясы казууга, 80 лицензиясы изилдөө менен чалгындоого уруксат берчү документ. Ал эми көмүр кени боюнча 337 лицензия берилсе, анын 192си казуу иштерин жүргүзүүгө жол ачат. Курулуш материалдары боюнча 1039 лицензия болсо, анын 573ү казууга берилген.

Депутат Элвира Сурабалдиева берилген лицензияларды инвентаризациялоо боюнча премьердин тапшырмасы бар экенин эске салып, ал боюнча кандай аракеттер жасалганына кызыкты. Ибраевдин айтымында, инвентаризация аяктай элек.

Ал, андан сырткары, алтын кенин казууга берилген лицензиялардын көбү Кытайдан келген инвесторлорго туура келерин кошумчалады. Ошондой эле жергиликтүү инвесторлор кенге кирбеген материалдарга лицензияны көп алса, алтын жана баалуу металлдарга берилген лицензияларга чет элдиктер көбүрөөк ээлик кылат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.