БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бүгүн, 10-октябрда, Кыргызстан — Өзбекстан — Тажикстан чек арасынын бириккен аймагында, тагыраагы, Баткен районундагы Чоң-Кара айылында кыргыз-өзбек чек арачылары тактикалык машыгуу өткөрдү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Анын биринчи этабында тараптардын чек ара ведомстволору биригип, басып кирүүгө каршы аракеттерди көрүү боюнча иш-чараларды уюштурушту.
Ал эми экинчи этабында "душмандын басып киришине" каршы аракеттер көрүлдү.
Машыгуунун жүрүшүнө Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, Башкы штабдын башчысы полковник Абдикарим Алимбаев, Өзбекстандын Коопсуздук кызматынын чек ара аскерлеринин колбашчысы генерал-майор Руслан Мирзаев байкоо салды.
Кыргыз тараптан машыгууга Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын атайын даярдыктагы "Бөрү" отрядынын аскер кызматкерлери, ошондой эле ИИМ менен ӨКМ катышты.
Тараптар биргелешкен машыгууга жогорку баа берип, бул сыяктуу иш-чараларды өткөрүп туруу чек ара кызматтары үчүн потенциалдуу коркунучтарга системалуу жооп берүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатарын белгилешти.