Жалал-Абадда жер астындагы өтмөк пайдаланууга берилди. Сүрөт

Жер астындагы өтмөктү куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 30 миллион сомдон ашуун каражат каралып, анын тендердик наркы 21 миллион сом деп бааланган.
Sputnik

ЖАЛАЛ-АБАД, 9-окт. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын борбордук Ленин көчөсүндөгү жер астындагы экинчи өтмөктүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Бүгүн, 9-октябрда, өтмөктүн ачылыш аземи болуп, ага мэр Мураталы Тагаев, шаардык кеңештин төрагасы Айбек Жолдошев баштаган депутаттар тобу, аксакалдар жана шаар тургундары катышты.

Маалыматка караганда, курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын май айында башталган. Анын узундугу 40, туурасы 9 метрге жетип, былтыр курулган өтмөк менен туташат.

"Жер астындагы өтмөктө 24 соода түйүнү бар, жөө адамдар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Эми видео байкагычтарды орнотуу пландалууда. Өтмөктүн курулушу менен Ленин көчөсүндөгү башаламан кыймыл жөнгө салынат", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жер астындагы өтмөктү куруу үчүн Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинен 30 миллион сомдон ашуун каражат каралып, анын тендердик наркы 21 миллион сом деп бааланган. Курулуш ишин "Сафари" компаниясы жүргүздү.