Мексикада сөзүнө турбаган мэрди автоунаага байлап алып сүйрөштү. Видео

Шаардыктар Эскандондун ишине нааразычылык билдиришкен. Ал элге жол салып берем деген убадасына турбай ар кайсы шылтоону айтып, көпчүлүктүн суранычын аткарган эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Мексикадагы Лас-Маргаритас шаарынын мэри Хорхе Эскандонду тургундар жип менен жолтандабастын аркасына байлап, көчөгө сүйрөшкөнүн El Universal гезити жазды.

Видео Twitter социалдык тармагына жүктөлгөн.

​Шаардыктар Эскандондун ишине нааразачылык билдиришкен. Ал элге жол салып берем деп убада берген, бирок ар кайсы шылтоону айтуу менен көпчүлүктүн суранычын аткарган эмес. Полиция элди тынчтандырууга аракет кылган.

​Окуядан 11 киши жабыркап, 30 адам кармалган. Хорхе Эскандонго тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.