11 эсе көбөйөт! Кыргызстанга кирген автоунаанын бажы төлөмү канча болору айтылды

Мамлекеттик бажы кызматы берген схемага таянсак, 2009-жылы чыккан Toyota Camry автоунаасынын бажыдан өткөргөн баасы 1250 доллар (31-декабрь) болсо, 1-январдан тарта 13,6 миң долларга чыгары айтылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматы 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга ташып келинген автоунаалардын бажы төлөмү кескин өсөрүн билдирди.

Аталган ведомство 2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңилдиги аяктарын айтты. Бул төрт жыл мурда август айында жеке тараптар үчүн атайын токтом менен бекитилген.

"2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда жеке адамдар үчүн транспорт каражаттарына киргизилген тарифтер күчүнө кирет. Бул Евразия экономикалык комиссиясынын 2017-жылдын 20-декабрындагы чечими менен бекитилген болчу", — деп айтылат маалыматта.

Бажы кызматынын берген маалыматына таянсак, эгерде 2009-жылы чыккан, кыймылдаткычынын көлөмү 2,5 миң куб болгон автоунаа мурда 1 250 доллардан кирип жүрсө, жаңы жылдан тарта 13 600 доллар болот.

11 эсе көбөйөт! Кыргызстанга кирген автоунаанын бажы төлөмү канча болору айтылды

Мамлекеттик бажы кызматы чет өлкөлөрдөн автоунаа алып келе турган жеке тараптарды эртерээк камынып, багыттарын аныктап алууну эскертти. Бажы алымдары бажы декларациясын толтурган күн менен төлөнмөкчү.