Күндүн бүркөк болгонуна карабай капчыгай ичи ажайып кооз экен. Бишкекте бак-дарактар жаңыдан сары түскө боёло баштаса, Ала-Арчага небак алтын күз келип калган экен.
Синоптиктер октябрь айы жаанчыл болорун айтышкан. Тоолорго жакында кар жаай баштайт. Андыктан шаар четине чыгып эс алууну пландап жатсаңыз, чамдаңыз.