Көшөгөдө ыйлап, жулунуп... Милиция кызды Кыргызстанды түрө кыдырып издеп жатат

Интернетке көшөгөдөн жулкунуп чыгып кетүүгө аракет кылып, ыйлап жаткан кыздын видеосу тараган. Факты милиция тарабынан изилденип жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Таласта 35 жаштагы эркек киши өспүрүм кызды ала качып кетти делген видео материалды республиканын бардык аймагындагы милиция кызматкерлери текшерүүгө алды. Бул тууралууу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, изилдөө учурунда аталган факты бир дагы аймактан такталган эмес. Ошондой эле бул боюнча эч кимден арыз түшө элек.

"Учурда милиция кызматкерлери текшерүү иштерин улантууда", — деп айтылат маалыматта.

Ошто 16 жаштагы кызды өз макулдугу менен ала качып кетишти. ШИИБ иш козгоду
Эске салсак, интернетке көшөгөдөн жулкунуп чыгып кетүүгө аракет кылып, ыйлап жаткан кыздын видеосу тараган. Кадрдан бөлмөдө тагылып турган көшөгөнү, анын ичинде чырылдап ыйлап,  каршылык көрсөтүп, эшикти көздөй жулунган кызды көрүүгө болот. Ал эми жанындагы аял кишилер кармап калууга жана башына жоолук салууга аракет кылып жатат. Видеонун алдына бул окуя Талас аймагында болгондугу жазылган.