Жүзүм жеген жүзгө чыгат. Окумуштуулардын жаңы изилдөөсү

Жүзүм жалпы организмдин иштөөсүнө абдан жакшы таасир берет. Мисалы, бул мөмөнү жегенден кийин адамдын тамак сиңирүү системасы кыйла жакшы иштеп калат.
Sputnik

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Окумуштуулар менен дарыгерлер жүзүмдүн пайдасы кандай экенин айтышты. Бул тууралуу "МедикФорум" порталы жазды.

Окумуштуулар табияты эң коопсуз болгон өлкөлөрдү атады
Изилдөөгө ылайык, жүзүмдүн курамында организмге пайдалуу заттар арбын. Мисалы, ресвератрол заты холестеринди азайтып, кан тамырлардын сезгенишин алдын алат. Ал эми фолий кычкылы кош бойлуу келиндер үчүн миңдин бири.

Жүзүм жалпы организмдин иштөөсүнө абдан жакшы таасир берет. Мисалы, жүзүм жегенден кийин адамдын сиңирүү системасы кыйла жакшы иштеп калат. Аны менен бирге жемиштин курамындагы көптөгөн витаминдер сөөктөрдүн жана тиштин катуу болушун шарттап, терини жылмакай кылып турат.