Новосибирскидеги кыргыздар иштеген базарда чыр чыгып, атыша кетишти. Видео

Жаңжал учурунда тартылган видеолордон чуру-чуу түшкөн кишилерди, өрттөнүп жаткан автоунааны көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Новосибирск шаарынын мөмө-жемиш саткан Хилоский базарында массалык мушташ чыгып, ок атылды. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

Окуя кечээ, 7-октябрда, саат 15.00дөр чамасында болгон. Ага кыргызстандыктардын да катышы бар экени айтылат. Айрым ЖМКларга тараган видеолордон чуру-чуу түшкөн кишилерди, өрттөнүп жаткан автоунааны көрүүгө болот.

Маалымат булагы Саламаттык сактоо министрлигинин облустук өкүлүнө таянып травматикалык куралдан беш адам жаракат алганын билдирди. Анын ичинен үчөө алгачкы медициналык жардам алып үйүнө кеткен, бирөө көзүнөн жабыркап, дагы бирөөнүн мээси чайкалып ооруканага жаткырылган.

Новосибирскидеги кыргыз диаспорасынын жетекчиси Жаркынбай Тойтуков Sputnik Кыргызстан агенттигине мушташ базарда иштегендер менен аларды карактоого келген адамдардын ортосунда болгонун айтты.

"Бул базарда кыргызстандыктар жана Борбор Азиянын башка мамлекеттеринен келген мигранттар эмгектенет. Буга чейин алардын акчасын бир нече ирет карактап кетишкен экен. Кечээ ошол каракчылар менен базарда иштегендердин ортосунда чыр чыккан. Азыр териштирүү иштери жүрүп жатат. Менин билишимче, кыргызстандыктардын арасында жаракат алгандар жок", — деди Тойтуков.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы окуя териштирилип жатканын билдирди. Бул ишти элчи Аликбек Жекшенкулов жеке көзөмөлүнө алып, ИИМдин Россиядагы өкүлүнө тапшырма берген.