Белгилүү кикбоксчу Алексей Федосеев биринчи жолу ММА боюнча беттешет

Федосеев 9-ноябрда Сеулда (Корея) Road FC 056 уюмунун алкагында октагонго чыгат. Анын атаандашы жергиликтүү спортчу Го Ги Вон болмокчу. Спортчулар 61 килограмм салмакта кармашат.
Sputnik

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү кикбоксчу Алексей Федосеев биринчи жолу аралаш мушташ эрежеси боюнча беттеше турганын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине анын менеджери Айбек Мусаев билдирди.

Анын айтымында, Федосеев 9-ноябрда Сеулда (Корея) Road FC 056 уюмунун алкагында беттешет. Анын атаандашы жергиликтүү спортчу Го Ги Вон болмокчу.

"Келишим түзүлүп, билеттер алынды. Октагонго 61 килограмм салмакта кармашат. Жеңишти камсыздаганга бардык күч аракетти жумшайбыз", — деди Мусаев.

Рафаэль Физиев UFC мелдештерине кайтып келди. Эми ким менен беттешет?
Ал кошумчалагандай, Федосеев ММА боюнча алгачкы беттешин ушул жылдын сентябрь айында өткөрмөк. Бирок атаандашы жаракат алгандыгына байланыштуу мелдешпей калышкан.

28 жаштагы Алексей Федосеев Кыргызстанга таанымал спортчу. Кикбокстун WAKO-PRO версиясы боюнча профессионалдар арасында дүйнө чемпиону, К-1 бөлүгү боюнча Азия чемпиону жана жабык имараттагы Азия оюндарынын эки жолку жеңүүчүсү. Ошондой эле Европанын жана Евразиянын чемпиону. Соңку беттешин былтыр эл аралык турнирде өткөрүп, утулуп калган.