Адамзатты каатчылык күтүп турабы? Эксперттердин изилдөөсү

Окумуштуулардын айтымында, каатчылыктан арылуу үчүн аталган фосфорду колдонууну азайтуу керек. Акыркы 50 жылда фосфору бар жер семирткичтердин колдонулушу 50 эсеге көбөйгөндүгү маалымдалды.
Sputnik

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Адамзат айыл чарбасын өстүрүүдө зарыл болгон фосфордун тартыштыгына кабылып, бул ачарчылыкты жаратышы мүмкүн экендигин эксперттердин эл аралык тобу билдирди. Бул туурасында Science Alert сайтында кабарланган.

Бул минералдык жер семирткичтерди рационалдуу эмес пайдалануудан улам кыртыш океанга агып түшүп, жердин болуп көрбөгөндөй арыктаары айтылган.

Басылма акыркы 50 жылда фосфору бар жер семирткичтердин колдонулушу 50 эсеге көбөйгөндүгүн, ал эми 2050-жылга карата суроо-талап эки эсе көбөйөрүн жазды.

Эгерде аталган элементти сактоого эч кандай аракет жасалбаса, анын кору жакын арада таптакыр эле жок болуп кетери айтылган.

Адылбеков: абанын булганышынан жыл сайын 7 млн. киши каза табат
Кээ бир теориялык моделдер азыркы шартта кол жете турган фосфорду колдонуу болжол менен 80 жылдан кийин жок болуп, түшүмсүздүккө алып келери айтылат.

Консервативдүү бааларга караганда, бул 400 жылдан кийин болору, ал эми көңүл чөгөрткөн болжолго таянсак, 40 жылдан кийин фосфордон кол жууй турганыбыз маалымдалган.

Окумуштуулардын айтымына караганда, каатчылыктан арылуу үчүн аталган элементти колдонууну азайтуу керек. Мындан сырткары, аны кайрадан иштеп чыгып, аны экинчи ирет колдонууну да чектөө зарыл. Рециркуляциянын чектелген системасын түзүү фосфатты жер семирткич, отун жана азык-түлүк катары 46 ирет колдонууга мүмкүндүк берери кабарланган.

Анткен менен учурда жер семирткич булгаган көлмөлөрдүн экологиялык системасы боюнча маселесин чечүүнүн жалпыга белгилүү жолу дале табыла элек.