Бишкектин айрым жеринде эки күн газ болбойт

"Бишкекгаз" келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сураган. Жалпы жонунан 516 абонент көгүлтүр оту жок калмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Бишкектин Васильев, Манас, Көкчө-Тоо жана Махатма Ганди көчөлөрү менен чектешкен аймакта жаратылыш газы өчүрүлө турганын калаа мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, көгүлтүр от берүү 9-11-октябрь күндөрү үзгүлтүккө учурайт. Бул түтүктөрдөн газдын агылышынын алдын алуу максатында жасалууда.

"Бишкекгаз" келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сураган. Жалпы жонунан 516 абонент көгүлтүр оту жок калмакчы.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.