Бишкек: жол кырсыгынан кийин автоунаа өрттөнүп, эки киши жабыркады. Видео

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын өкүлдөрү жеңил автоунаа менен автобус кагышкандыгын билдиришти.
Sputnik

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Борбор калаада эки автоунаа кагышып, анын бири күйүп кетти.

Окуянын видеосу "Короче" деп аталган Телеграмм-каналга жайгаштырылган.

Кырсык Дэн Сяопин проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилишинде болгон. Видеодон өрткө каршы кызматтын өкүлдөрү күйүп жаткан автоунаадагы жалынды өчүрүп жаткандыгын көрүүгө болот.

Маалыматтарга караганда, 52 жана 39 жаштагы эки киши жаракат алган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын өкүлдөрү жеңил автоунаа менен автобус кагышкандыгын билдиришти.