Бишкектин бир катар аймактарында бир күн суу болбойт. Тизме

Таза суу өчкөн мектептер менен бала бакчалар бул күнү иштебейт. Эгерде жашаган үйдө, аймакта суу берүүдө көйгөй жаралса, "Бишкек суу каналга" кайрылуу керек.
Sputnik

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. "Гагарин" менен "Түштүк-Батыш" суу тосмолорунда оңдоо иштери боло тургандыктан 10-октябрда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Жунусалиев, Чайковский, Айни, Лев Толстой, Садырбаев жана Космос көчөлөрүндө таза суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле төмөнкү мекемелерде да суу болбойт.

  • №131, 118 бала бакчалар;
  • №55, 25 орто мектептер;
  • Ленин районундагы билим берүү борборунда;
  • Жумушчулар шаарчасында;
  • Дыйканчылык институтунда;
  • Ленин районунун аскер комиссариатында;
  • №47 колонияда;
  • Ак-Ордо конушунда;
  • "Яшар" фирмасында;
  • "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасынын буу казанында;
  • №5 мончо;
  • "Кока-Кола Бишкек Боттлерс";
  • "Тамга Таш ЛТД";
  • "Лина" фирмасында.

Таза суу өчкөн мектептер менен бала бакчалар бул күнү иштебейт.

Эгерде сиз жашаган үйдө, аймакта суу берүүдө көйгөй жаралса, "Бишкек суу каналдын" 56-03-20, 54-42-45, 54-42-44, 44-95-97, 44-96-45 телефондоруна кайрылыңыздар.

Ошондой эле сүрөт, видеолорду WhatsApp аркылуу 0770 838458 номерине жөнөтсөңүз болот.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.