Бишкекте калктын санын эсептөө боюнча эл аралык семинар өтүп жатат

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар жарандык абалдын актыларын каттоо, статистикалык маалыматтарды чыгаруу, аны тараткан мекемелер ортосундагы кызматташууну бекемдөө боюнча билим алышат.
Sputnik

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Бишкек шаарында 7-октябрдан 11-октябрга чейин Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча калктын табигый кыймылынын (өлүү жана төрөлүү менен жалпы элдин санынын өзгөрүшү — ред.) статистикасы боюнча эл аралык семинар өтүп жатат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Кыргызстанда сиз курактуу канча аял-эркек бар? Инфографика
Иш-чарага Кыргызстандын Улуттук статистика комитети, жарандык абалдын актыларын каттоочу органдардын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү, эркин соода жүргүзүүнүн Европа ассоциациясы, Норвегиянын борбордук статистикалык бюросу жана Азия, Тынч океан өлкөлөрү үчүн БУУнун экономикалык жана социалдык комиссиясы катышууда.

Максаты — Түндүк жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн калктын табигый кыймылы боюнча статистикалык маалыматтарды чыгаруу потенциалын жогорулатуу.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар жарандык абалдын актыларын каттоо, статистикалык маалыматтарды чыгаруу, аны тараткан мекемелер ортосундагы кызматташууну бекемдөө боюнча билим алышат.