Окумуштуулар табияты эң коопсуз болгон өлкөлөрдү атады

Изилдөөчүлөр азыркы замандын кооптуулуктарын эске алуу менен ааламдык пандемиянын кесепетин, биологиялык террорчулукка туруктуулугун баалашты.
Sputnik

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Жаңы Зеландиянын Отаго университетинин окумуштуулары дүйнөлүк эпидемия жаралып апокалипсис болгон учурда кайсы өлкөгө барып жашаса болорун аныкташты. Бул туурасында Science Alert илимий порталы жазды.

Изилдөөчү топтун жетекчиси  Ник Уилсондун айтуусу боюнча, адамзат мурда дүйнөгө жайылган эпидемиянын кесепетинен кырылып келген.  Ал эми келечекке көз чаптырып боолголой турган болсок, адам баласынын биотехнологиялык ачылыштардан улам айыккыс пандемияга чалдыгуу тобокелдиги бар.

Окумуштуулар күндүзгү уйкунун кесепетин атады
Уилсон апокалипсиске кептелген учурда аман калуу кыйынга турарын белгилеген. Эгер жаратылыш кырсыгы  болгон маалда адамдар коопсуз  жерге жайгашса, аман калышы ыктымалдыгын эскертет.

Окумуштуулар апокалипсис болгон учурда баш калкалай турган 20 өлкөнүн тизмесин түзгөн. Эң эле коопсуз деп Австралия, Жаңы Зеландия жана Исландия табылган. Ал эми Япония, Куба, Фиджи, Ямайка, Барбадос  жашап кетүүгө мүмкүнчүлүк кененирээк мамлекеттер деп аталган. 

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.