Тоң ашуусунда мал айдап бараткан эки чабанды кар көчкү басып калды

Окуя болгон жерге куткаруучулар, Тез жардам кызматы жана айыл тургундары барып, чабандарды ооруканага алып келишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Тоң районундагы Төрт-Көл айыл аймагынын Тоң ашуусунда мал жандыгын айдап бараткан 46 жана 43 жаштагы эки чабанды кар көчкү басып калды. Бактыга жараша, алар көчкүнүн алдынан өз алдынча чыгып жардам сураган. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 6-октябрда, саат 14.30дар чамасында болгон. Жерине ӨКМден 6 куткаруучу, Тез жардам кызматы жана айыл аймагынан жети адам барып, жабыркаган чабандарды Тоң райондук ооруканага алып келишкен.

Чабандардын бутунан жана жамбашынан жаракат алганы айтылат. Учурда экөөнүн тең абалы канааттандырарлык. Ал эми малын туугандары айылга айдап кетишкен.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.