Зеленский трибунада сүйлөп жаткан Лукашенкону чочутту. Видео

Белоруссиянын президенти Украинанын башчысы менен жолугушуу учурунда байкабай, туура эмес сүйлөп алды.
Sputnik

Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко Украинанын Житомир шаарына барып кесиптеши Владимир Зеленский менен биринчи жолу көрүшкөн.

Трамптын Путин тууралуу сөзүнөн кийин Зеленскийдин өңү өзгөрүп... Видео
Лукашенко оозунан жаңылып Украинанын бир аймагын Россияныкы деп атап алган. Артында отурган Зеленский кесиптешинин сөзүн дароо оңдоп, "Украина" деп жиберген. Анда Белоруссиянын президенти "Мен Владимир Владимирович (Путин — ред.) айтты окшойт деп чочуп кеттим" дегенде залда отургандардын баары күлгөн. Андан соң тамашалаганын билдиргендей түр көрсөтүп: "Кечирип коюңуздар, эми түшүндүңүздөр да",  — деп жылмайган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.