БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Таиланддагы Хао Яй деп аталган улуттук паркта кичинекейин шаркыратмадан алып чыгуу үчүн аракет кылган беш чоң пил өлүп калды. Бул туурасында РИА Новости Matichon Online порталына шилтеме кылып жазды.
BangkokPostNews басылмасы пилдердин сүрөтүн жарыялады.
Бул жагымсыз жагдай 5-октябрда таң эрте болгон. Улуттук парктын кызматкерлери пилдердин чаңырыгын угуп, ошол жерге жакын аймактагы сууга чөккөн кичинекейинин сөөгүн жана сактоого далалат кылган эки пилди тапкан. Бул жаныбарлардын катуу кыйналганын сырткы кейпинен байкоо кыйынчылыкка турган эмес.
Шаркыратманын төмөн, чуңкур жагынан адистер сууда жаткан беш пилди тапкан. Ал эми тирүү калган эки жаныбарды кийинчерээк аркан менен тартып чыгышкан.
Буга окшогон көңүл чөгөргөн окуя 1992-жылы да болуп, анда сегиз пил өлүп калган.