Канттагы "террорчулар жок кылынды". Машыгуунун сүрөттөрү

Машыгуунун планы боюнча аба базанын аймагына кирип келген согушкерлерди аскерлер жок кылышы керек болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишиминин "Кант" аба базасынын аймагында террорчулардын мизин кайтарган окуулар өткөндүгүн аталган жайдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Машыгуунун планы боюнча базанын аймагына кирип келип, электр станциясынын буу казанын ээлеп алгысы келген согушкерлерди аймактагы аскерлер жок кылышы керек.

"Антитеррордук бөлүмгө кооптуулук жараткандар боюнча кабар келип түшкөн. Эми алар өздөрүнүн иштиктүү кадамы менен шарттуу душмандын жолун тосушу керек. Жоокерлерге көмөк көрсөтүү үчүн келген БТР-82 ичи бузуктардын тилегин таш каптырды. Андан соң аба базанын аскер полициясынын кызматкерлери "диверсанттарды" кармады", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, жүргүзүлгөн машыгууда согуш талаасынан жарадар болгон жоокерлерди алып кеткен учур да көрсөтүлдү.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.