БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Борбор калаада бүгүн "Мол булак Күз деми" эл аралык марафону болуп өттү. Ага катышкан 3000дей жөө күлүктүн ичинен 42 чакырым аралыкка чуркоодо биринчи болуп Бердигул Айтпай уулу финишке жетти. Бул тууралуу "Тонус" коомдук фондусунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарышка профессионалдар жана спорт ышкыбоздору катышты. Ошондой эле Казакстан, Россия, АКШ, Франция, Эстония, Германия, Италия, Кытай, Түркия, Катар, Индия, Аргентина, Улуу Британия жана башка 20дан ашуун өлкөдөн жөө күлүктөр келди. Анда Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти Эламан Карымшаков да катышып, 21 чакырымга чуркады.
Жалпы жонунан чуркоого 3000дин тегерегиндеги адам катышып, "Бишкек — "Манас" аэропорту" унаа жолунда 3, 10, 21 жана 42 чакырым аралыкка чуркап күчүн сынашты. Анын ичинен чоңдордун саны 2711, жаш балдардын саны 300дү түздү. Баары биригип 27 642 чакырым жолду басып өттү. Баш байгеге 42 195 сом коюлган.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.