БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. 69 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл артисти, эл аралык конкурстардын жана сыйлыктардын лауреаты Арстанбек Ирсалиев каза болду. Бул тууралуу Кыргыз опера жана балет театрынын адабий-драмалык бөлүмүнүн башчысы Елена Мягкова билдирди.
"Ирсалиев 5-октябрда узакка созулган оорудан улам көз жумган. Буга чейин АКШда көптөн бери дарыланып жүргөн", — деп айткан ал.
Ирсалиев 1950-жылы 25-февралда Кара-Балта шаарында туулган. Ленинград мамлекеттик академиялык хореографиялык училищесин аяктаган. 1969-жылы Бүткүл союздук балет артисттеринин конкурсунда жеңүүчү болгон. Ошол эле жылы Кыргыз опера жана балет театрынын алдыңкы бийчиси аталган.
Ал "Ак куу көлү", "Уйкудагы сулуу", "Жизель", "Корсар", "Ромео менен Жульетта", "Лауренсия", "Франческа да Римини", "Бахчисарай фонтаны", "Шопениана", "Дон Кихот", "Спартак", "Баядерка" спектаклдеринде негизги каармандардын ролун ойногон.
Мындан сырткары, "Анар", "Куйручук", "Асел", "Саманчынын жолу" жана башка спектаклдерде да кайталангыс образдарды жараткан.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.