БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстанда 7-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй облусунда +20… +25, Таласта +19...+24, Нарын аймагында +14...+19, Ысык-Көлдө +15…+20, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21…+26 градус жылуу болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын жаабайт, күндүн табы борбор калаада +22...+24, Ошто +23…+25 градус болору болжолдонду.