Жээнбеков Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Эмне кеп болду?

Президент Жээнбеков кесиптешин туулган күнү менен куттуктагандан сырткары кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулаган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Баткенди Тажикстан менен байланыштырган көпүрө оңдолду. Сүрөт
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмонду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубат жашоо жана ийгилик каалаган.

Ошондой эле мамлекет башчылар кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашкан.

Белгилей кетсек, Эмомали Рахмон бүгүн 67 жашка чыкты.