Сүймөнкул Чокморовго арналган кинокербен түштүктө уланат

Айтылуу актёрдун катышуусу менен тартылган тасмалардын кербени июнь айында Таластан башталган. Маалыматта ал жакта 25 сеанс өтүп, эл көп келгени белгиленет.
Sputnik

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналып уюштурулган кинокербен эми Ош, Жалал-Абад жана Баткенде уланат. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фондусу билдирди.

Эскерте кетсек, айтылуу актёрдун катышуусу менен тартылган тасмалардын кербени июнь айында Таластан башталган. Маалыматта ал жакта 25 сеанс өтүп, эл көп келгени белгиленет. Сентябрдын аягы менен иш-чара Нарында, Кемин жана Токмок шаарында өткөн.

"Эми кинокербен өлкөнүн түштүк тарабында уланат. Ысык-Көл менен Чүй облустары да четте калбайт. Мындан сырткары, актёрго арналган даректүү тасма да тартылып бүттү", — деп айтылат билдирүүдө.

Кинокербен Чокморовдун туулган күнү 9-ноябрда аяктап, юбилейге карата Бишкекте маанилүү иш-чара пландалган.