Нурмагомедов Сен-Пьер менен кандай шартта беттешерин UFC башчысы айтып берди

Нурмагомедов буга чейин Сен-Пьерди аралаш мушташтын тарыхында улуу спортчулардын бири деп белгилеп, аны менен беттешүүгө каалоосу бар экендигин көп ирет айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун кийинки атаандашы америкалык Тони Фергюсон болушу керек. Бул туурасында уюмдун президенти Дана Уайт MMA Fighting спорттук порталына кабарлаган. 

Анын айтымында, бул беттештен кийин гана Нурмагомедов канадалык спортчу Жорж Сен-Пьер менен кармаш өткөрө алат.

"Биринчи Хабиб Тони менен беттешиши керек. Эгер Хабиб утса, Сен-Пьер менен беттеш уюштурганга аракет кылам. Силер Жорждун сүрөтүн байкадыңарбы, билбейм, бирок ал аябай арык көрүнөт. Спортчу азыр идеалдуу формада эмес", — деген Уайт.

Буга чейин Сен-Пьер Instagram баракчасына арыктап калган сүрөтүн жүктөп, 75 саат ачка жүргөнүн жазган.

Нурмагомедов буга чейин Сен-Пьерди аралаш мушташтын тарыхында улуу мушкерлердин бири деп белгилеп, аны менен беттеш өткөрүүгө каалоосу бар экендигин көп ирет айткан болчу. 38 жаштагы канадалык спортчу аралаш мушташ боюнча 26 беттешти утуп, эки ирет жеңилген. Ушул жылдын февраль айында карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салган.