Григорьевка капчыгайына атайын техника тартылдыбы? Окуянын чоо-жайы

Социалдык тармактарда Григорьевка капчыгайында жүздөрү кытай улутуна окшош адамдар атайын техникаларды айдап келип, чатыр тигип жатканын жазып чыгышкан. Автордун айтымында, ал жакта жүргөндөр сүрөткө тартууга тыюу салышууда.
Sputnik

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. "Ысык-Көл облусунун Григорьевка капчыгайында кытай жарандары казуу иштерин жүргүзүп жатат" деген маалыматты Ысык-Көл районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Салтанат Муканбаева төгүнгө чыгарды.

Буга чейин социалдык тармактарда Григорьевка капчыгайында жүздөрү кытай улутуна окшогон адамдар атайын техникаларды айдап келип, чатырларды тигип жатканын жазып чыгышкан. Автордун айтымында, ал жакта жүргөндөр сүрөткө тартууга тыюу салышкан.

"Жаратылыш парктарында казуу иштерине тыюу салынган да, бул кандай?" — деп суроо салышкан соцтармактагылар.

Муканбаева ал жакта "Мекен" деген кино тартылып жатканын айтып, эч кандай казуу иштери болбогонун билдирди. 

Григорьевка капчыгайына атайын техника тартылдыбы? Окуянын чоо-жайы
Григорьевка капчыгайына атайын техника тартылдыбы? Окуянын чоо-жайы

"Алар, тескерисине, экологияны сактап, кендерди мыйзам чегинде казуу керектигин айткан тасма тартып жатышыптыр. Анда кен мыйзамсыз жол менен казылса, кесепети кандай болору чагылдырылат экен. Айыл өкмөт башчысы менен чогуу барып келдик. Кино тартканга уруксаты бар экен", — деди Муканбаева. 

Григорьевка капчыгайына атайын техника тартылдыбы? Окуянын чоо-жайы

Ал ошондой эле тасманы тартуу иштери 9-октябрда аяктай турганын кошумчалады.

Өз кезегинде тартуучу топтун өкүлү, актер Бектемир Мамаюсупов Ысык-Көлдүн жаштарына кайрылып, кино тартууга жардам берүүнү өтүндү. Ал "Мекен" тасмасы патриоттук сезимди ойготкон, экологиянын бузулушуна каршы турууга үгүттөгөн кино болорун кошумчалаган.

"Жакшы тасма болот, эл аралык конкурстарга жөнөтөбүз, элге да көрсөтөбүз. 3-4-5-октябрда тартылганга жаштар керек болуп жатат, ошого келип жардам бериңиздер", — деп кайрылды.

Мамаюсупов келем деген жаштар болсо байланышууга чакырды.