БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Көпчүлүктүн суроо-талабы менен арзан баада сатылган айыл чарба продукциясынын жарманкеси кайрадан жанданат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, жарманкелер ар жуманын дем алыш күндөрү иштейт.
Октябрь району (ар бир дем алыш күндөрү):
- Гапар Айтиев менен Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн ортосундагы Нуркамал Жетикашкаев көчөсүндө;
Свердлов району:
- Төрөкул Айтматов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши (Чыгыш-5 кичирайонундагы суунун жээги);
"Дем алыш күндөрү Чүй облусунан Бишкек шаарына айыл чарба продукциясынын 120 түрү алып келинет. Жарманкеге биринчи жолу Нарын облусу катышып, эт, картошка, пияз сатылат. Ошондой эле 40 айыл чарба ишканасы сүт азыктарын, колбаса жана консервацияланган азыктарды сунушташат", — деп айтылат маалыматта.
Ар бир жарманкеден кийин "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери тегерек-четти иретке келтирет.