Видео уюмдун YouTube каналына жүктөлдү.
Беттеш бүгүн, 4-октябрда, Чеченстандын борбору Грозный шаарында болмокчу. Мелдештин алкагында Келдибеков 61 килограмм салмакта жергиликтүү спортчу Дукваха Астамиров менен кармашат.
Белгилей кетсек, кыргызстандык мушкер үчүн бул маанилүү мелдеш. Себеби анын "Ахмат" уюму менен түзгөн келишими ушуну менен аяктайт. Эгер атаандашын жеңсе, жаңы келишимге кол кое алат.
"Тайсон" ACA уюмунда соңку ирет ушул жылдын 26-январында беттешип, чеченстандык Хусейн Шайхаевге калыстардын чечими менен утулуп калган. Ал ММА боюнча 12 беттешти утуп, төрт ирет жеңилген.
Ал эми кезектеги атаандашы Дукваха Астамиров аралаш мушташ боюнча төрт беттешти утуп, эки ирет жеңилген.